• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагулов абактан бошотулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Кримчөйрөдө "Дөө" каймана ат менен таанымал болгон Чыңгыз Жумагулов абактан бошотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Жумагулов жазасын өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу бошотулган.

Кримавторитет Новопокровка айылындагы №3 абакта жазасын өтөгөн.

Эскерте кетсек, Жумагулов КР Кылмыш кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган.

Пикир

Оставить комментарий