• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинде чет элдик студенттердин өлкө аймагында коопсуз жүрүүсү маселеси боюнча кеңешме өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 27.12.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын аймагында чет элдик студенттердин коопсуз жүрүүсү маселеси боюнча кеңешме өттү.

«Бүгүнкү күндө республиканын аймагында 30 501 чет өлкөлүк жаран билим алууда, анын ичинен 9 285 жаран Пакистан Ислам Республикасынан жана 13 404 жаран Индия Республикасынан келген. Алар – биздин жергебизде мейман, элдерибиздин ортосундагы достуктун көпүрөсү. Ар бир студент мыкты билим гана албастан, өлкө тууралуу жакшы пикирде калуусун каалайт элек. Министрлер Кабинети ошондой эле ар бир студент камкордукка алынып, биздин өлкө тууралуу жагымдуу таасир алуусу үчүн ар бир университетте достук коомунун иштешин камсыз кылууга ниеттенет», - деп белгиледи Эдил Байсалов.

Алсак, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын 11 айында Пакистандын жарандарына карата 63 кылмыш катталган, алардын көбү уурулук жана алдамчылык менен байланыштуу.

Жыйында жогорку окуу жайлардын жетекчилиги жана укук коргоо органдары тарабынан алдын алуу иш-чараларын, ошондой эле чет элдик жарандардын республикада жүрүү тартиби боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү милдети айтылды.

Кеңешменин жыйынтыгында Эдил Байсалов чет элдик студенттердин коопсуздугу боюнча маселени күчөтүлгөн көзөмөлгө алууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий