• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өтүп, он маселе каралды

Өкмөт 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны болуп, отурумдун күн тартибинде он маселе каралды.

Алгач Ички иштер министрлиги тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн административдик айып салуудан түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүүдө өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси коюлуп, ал министрлер кабинетинин колдоосун тапты. Бул багытта Башкы прокуратура айып пулдарды өндүрүү иштерин толук кандуу жүргүзүү керектигин билдирди.

Мындан тышкары министрлер кабинетинин дагы бир чечими менен М. Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатында, ошондой эле Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында окуган балдардын күнүмдүк тамак-ашына бөлүнгөн каражат жогорулатылды.

Ошондой эле мамлекеттик органдардын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн алдындагы кредитордук карыздарын төлөөнү камсыз кылуу, курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо максатында, мамлекеттик баалуу кагаздар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыга өзгөртүү киргизилди.

Экономика жана коммерция министрлиги калктуу конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү жана мамлекеттин жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу максатын көздөгөн министрлер кабинетинин токтом долбоорун отурумдун кароосуна киргизип, ал колдоо тапты.

Жыйындын соңунда Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” көрүстөнүндө сөөк коюуга орун калбай бара жаткандыгына байланыштуу, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айыл аймагындагы 22 га жерди “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “башка жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий