• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Министрлер кабинетинин төрагасы программалык негизде бюджеттөө жөнүндө чечимге кол койду

Өкмөт 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров программалык негизде бюджеттөө жөнүндө чечимге кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган документ Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарын түзүүнүн алкагында Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын, ошондой эле республикалык бюджеттин бөлүгү болуп саналган кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге программалык негиздеги бюджеттердин долбоорлорун сапаттуу жана өз убагында түзүү максатында кабыл алынган.

Мындан улам КР министрлер кабинети төмөнкүлөрдү бекитүү чечимин кабыл алды:

1) Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускама;

2) Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускама.

Буга катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 854 “Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылды.

Пикир

Оставить комментарий