• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улукбек Марипов юристтерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 26.06.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов юристердин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын юристинин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоодо төмөндөгүдөй деп айтылат:

“Урматтуу юристтер,

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын юристинин күнү менен куттуктайм.

Юрист кесиби коомдун жана мамлекеттин бардык чөйрөсүнө тиешеси бар болгондуктан, ар дайым эң ардактуу, маанилүү жана жооптуу кесип катары эсептелип келет.

Быйыл Кыргыз Республикасы өз көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилейт. Өлкөбүз суверенитетке ээ болгон биринчи жылдардан тарта юристтер кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жашап кетүүсүн жана биздин коомдо мыйзамдуулук процесстерин камсыздаган жаңы укуктук системаны жана ченемдик-укуктук базаларды калыптандырууда негизги ролду ойногон.

Бүгүн да сиздер өлкөбүздө мыйзамдуулукту өркүндөтүүгө жана укуктук системанын бекемдөөгө салым кошууну улантып, жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктары менен укуктарын коргоп, калктын укуктук сабатын жана укуктук маданиятын жогорулатууга көмөктөшүп жатасыздар.

Мыйзамдардын так аткарылышы, ар бир адамдын укуктары менен эркиндиктеринин корголушу, мамлекеттик реформалардын ийгиликтүүлүгү жана натыйжалуулугу сиздердин кесипкөйлүгүңүздөргө көз каранды.

Мен сиздердин жогорку кесипкөйлүгүңүздөр жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жумшаган ар күнкү талыкпаган эмгегиңиздер биздин мамлекеттин жана коомдун туруктуу гүлдөп-өсүүсүн жана укуктун үстөмдүгүн камсыздоонун өбөлгөсү болоруна ишенем.

Бул майрам күнү сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга чын ден соолук, тынчтык, бакыт-таалай, бакубат жашоо жана кесиптик ийгиликтерди каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий