• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мирзиёев Астана шаарынын 20 жылдык мааракесине катышат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.07.18. /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 5-июлда Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен Астанага барат.

«Мамлекет башчы 6-июлда Астана шаарынын 20 жылдык мааракесине арналган салтанатка катышат. Мындан тышкары Казакстандагы сапары учурунда эки тараптуу жолгушууларды өткөрүү пландалууда», –деп жазды өзбек президентинин маалымат катчысы Комил Алламжонов.

2018-жыл Казакстанда Өзбекстан жылы деп жарыяланган.

2017-жылдын жыйынтыгы менен эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 8,6% жогорулап, 2 миллиард долларды түзгөн. Расмий маалыматтар боюнча учурда Өзбекстанда казак капиталынын катышуусундагы 281 ишкана бар, казакстандык 14 компания аккредитациядан өткөн.

Тараптар 2018-жылы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 3 миллиард доллар, 2020-жылы 5 миллиард долларга жеткирүү чараларын көрүүгө ниеттенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий