• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Mister&Miss World Beauty-2018 сынагындагы кыргызстандык жеңүүчүлөр калыстар тобун кантип таң калтырышты?

Коом 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Кыргызстандык Каныкей Айылчиева жана Санжар Мамажанов Москва шаарында 1нен 3-декабрга чейин өткөн Mister&Miss World Beauty-2018 эл аралык сынагында өздөрүнүн мыкты аткаруусу менен дүйнөлүк сулуулук индустриясына таанылды. Бул тууралуу алар “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн басма жыйындан кабарлашты.

Аталган эл аралык кеченин алып баруучусу жана мекендештердин продюсери коомдук ишмер Ассоль Молдокматова болду.

“Акыркы беш жыл бою мен 5 дүйнөлүк сынактарды алып барып келем. Ал сынактар: Лас-Вегас, Майами, Нью-Йорк, Москва, Хайнань аралы жана Вьетнамда өтөт. Мен үчүн мекендештерди ошол сынактарга катышууга чакыруу, патриоттуулуктун бир деңгээли болуп саналат. Дүйнөлүк сулуулук индустриясында кыргызстандыктар катышы керек жана алар өлкөнү профессионалдуу деңгээлде көрсөтүшү керек”, - дейт Молдокматова.

Mister World Beauty 2018 сынагында Кыргызстандын атынан 19 жаштагы Эрлан Мамажанов жана Miss World Beauty 2018 – 26 жаштагы Каныкей Айылчиева катышып, өлкө намысын коргоп келишкен.

Аларга атаандаштыкты дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 100дөн ашык катышуучу түзгөн. Mister World Beauty 2018 сынагында Эрлан Мамажанов гран-прини жеңсе, Каныкей Айылчиева Miss World Beauty-2018 наамын азия версиясында уткан. Дагы бир кыргызстандык Наргиза Туратова экинчи вице-мисс наамына татыган.

Калыстар тобу катышуучуларды үч этабда тандашкан:

-улуттук кийимде чыгуу;

-спорттук стилде кийинип чыгуу;

- кече көйнөгү менен чыгуу.

“Улуттук кийимдер абдан эффекттүү болгон. Каныкей жана Эрлан жеңүүчүлөр катары 1 миң долларлык сертификат алышкан. Бул сертификат 2019-жылдын 1нен 10-майга чейин Түркияда өтө турган “Аалам сулуусу” сынагына катышууга жол ачат”, - деп кошумчалады Молдокматова.

Жеңүүчүлөр өз кезегинде өзүнүн продюсерине көрсөткөн профессионалдуу колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, сулуулук индустриясына таштаган кадамдарын улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий