• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Германияда кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Экономика 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйыны Германияда өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКга айтып жатып билдирди.

Мамлекет башчысы жыйын 2023-жылдын ноябрь айында өтөрүн кошумчалады.

"Кеңеш 2022-жылы түзүлгөн, анын иши Кыргызстанга чет элдик инвестициянын жана заманбап технологиялардын агымына чоң салым кошот деп күтөбүз", - деди Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий