• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ММК фонду: Жарандардын гемодиализ кызматын алуусу үчүн 468,7 млн сом сарпталды

Ден соолук 0

Бишкек, 27.07.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата жарандардын гемодиализ кызматын алуусу үчүн 468,7 млн сом сарпталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков билдирди.

Анын айтымында, 2020-жыл үчүн гемодиализ акысын төлөөгө 757 млн сом каралган. Учурда гемодиализ кызматы 22 жеке менчик жана 4 мамлекеттик ооруканада көрсөтүлөт. Бүгүнкү күндө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат базасында 1 миң 408 бейтап каттоодо турат.

"Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча бейтаптар 99 миң 700 гемодиализ сеансын алышкан. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан 468,7 млн сом бөлүнүп берилген", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий