• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мода көрсөтүүсү, конференциялар жана жыйынтыктоочу форум - КРда тигүүчүлүк тармагынын жумалыгы өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 13.11.18. /Кабар/. Кыргызстанда тигүүчүлүк тармагынын жумалыгы өтүүдө. "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Легпром" ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов билдиргендей, бүгүнкү күндө текстиль жана тигүүчүлүк тармактары экономиканы түзүүчү секторлордон болуп саналат.

"Биздин тармак 4 артыкчылыктуу секторлордун бири болду. Текстиль тигүүчүлүк тармагынын экспорттук потенциалы бар. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, аталган тармак "Кыргызстанда жасалган" өндүрүштөрүн экспорттоо боюнча 3-орунду ээлейт. Ошол эле учурда бул тармакты өнүктүрүүгө жакшы шарттарды түзүү үчүн бир катар маселелер пайда болууда", - деди ал.

Асанов буга байланыштуу Кыргызстанда тигүүчүлүк тармагынын жумалыгы өтүп жатканын белгиледи. Бул иш-чаранын алкагында көргөзмө-жарманкелер уюштурулууда, 13нөн 15-ноябрга чейин бул тармактын көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн тегерек үстөлдөр өтөт.

Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров тегерек үстөлдүн темасы жеңил өнөр жай тармагындагы билим берүүнү көтөрүү маселеси болорун айтты.

"Бизде 14 кесиптик колледж бар, алар жеңил өнөр жай тармагында 400 адисти уядан учурушат. Жогорку окуу жайларды 250дөй технолог, инженер, дизайнер, модельер аяктайт. Ошондой эле 4 миңдей адис чыга турган 60 кесиптик лицейибиз дагы бар. Тилекке каршы бул бүтүрүүчүлөрдүн даярдык деңгээли жогорку эмес деңгээлде болууда. Бул теманы биз бүгүн, 13-ноябрда талкуулайбыз. Ошондой эле каржылоого жеткиликтүүлүк жөнүндө тегерек үстөл өтөт. 14-ноябрда биз товарлардын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жакшыртууну талкуулайбыз. Белгилүү болгондой, рублдин жана тенгенин курсунун төмөндөгөнүнө байланыштуу кирешелер түшүп кетти. Андыктан биз жаңы рынокторду издөө маселелерин талкуулайбыз", - деди ал.

Абакиров 15-ноябрда мамлекет тарабынан жеңил өнөр жай тармагын колдоо темасы талкуулана турганын кошумчалады.

"16-ноябрда премьер-министрдин катышуусунда форум өтөт. Ал жерде жыйынтыктар чыгарылат. Андан соң белгилүү пункттар өкмөттүн ишинин планына киргизилет", - деп кошумчалады ал.

Жумалыктын аягында мода көрсөтүүсү өтүп, анда жаш дизайнерлер өздөрүнүн эмгектерин көрсөтө алышат.

Пикир

Оставить комментарий