• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Антимонополия кызматынын инспекторлору Ош базарындагы бааларды текшерди

Коом 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Бишкектин базарларында азык-түлүк тартыштыгы аныкталган жок. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Аталган кызматтын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Ош базарындагы социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүздү.

"Өзгөчө өсүмдүк майынын, эт, ун жана кумшекердин өздүк наркына көңүл бурулду. Ишкерлердин айтымында, келишим боюнча товарлар үзгүлтүксүз алынып келип, азык-түлүк тартыштыгы аныкталган жок", - деп белгилешти ведомстводон.

Кызматтын маалыматына ылайык, учурда ун, кумшекерге жана башка товарларга болгон баалардын төмөндөгөнү байкалууда.

Аталышы

Январь 2023

Март 2023

төмөнкү баа

жогорку баа

төмөнкү баа

жогорку баа

Өсүмдүк май 1л, сом

125,0

176,0

110,0

175,0

Кумшекер 1кг, сом

82,0

92,0

89,0

80,0

Пияз 1кг, сом

50,0

65,0

50,0

55,0

Пикир

Оставить комментарий