• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги базарларды күтүүсүздөн текшерүүгө ыйгарым укук алууну суранат

Экономика 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинде өлкөнүн базарларындагы баалардын абалы тууралуу айтылды.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин атаандаштык чөйрөсүн талдоо жана ЕЭК менен өз ара аракеттер бөлүмүнүн башчысы Лариса Шустикованын айтымында, өлкөдө азык-түлүктөргө бааны жөнгө салуу максатында агенттик тарабынан бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Ал ведомство бир катар мыйзам долбоорлору киргизгенин белгиледи. Алардын арасында Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине базарларды күтүүсүздөн текшерүүгө ыйгарым укук берүү тууралуу долбоор дагы бар. Ошондой эле, жөнгө салынуучу базарлар тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыкты.

“Биз ири соода борборлору менен азык-түлүккө бааны негизсиз көтөрбөө тууралуу келишим түздүк. Бирок, өлкөнүн базарларындагы абал кичине башкачарак болуп турат. Эгер аталган мыйзам долбоору кабыл алынса, анда базарларды күтүүсүздөн текшерип, бааларды атайылап кымбаттаткан сатуучуларга чара көрмөкпүз”,-деген Шустикова азыркы учурда Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги мыйзам боюнча базарларга кийлигише албай турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий