• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мордовияда каза болгон 2 кыздын сөөгүн мекенине жөнөтүү даярдыктары жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Мордовияда жол кырсыгынан каза болгон кыздардын сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча даярдыктар жүрүүдө. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, каза болгон кыздардын өздүгү такталган. Алар 1994-жылы туулган М.А., жана 1999-жылкы М.А., аттуу жарандар. Учурда жол кырсыгынын себептери такталууда. Элчиликтин кызматкерлери маркумдардын жакындары менен байланышып турат, учурда алардын сөөгүн мекенге жөнөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Эске сала кетсек, 14-ноябрда кечинде Урал трассасынын 452-чакырымында болгон жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны 18 жана 23 жаштагы кыздар каза болгон.

Унааны 33 жаштагы Кыргызстандын жараны башкарып бара жаткан.

Пикир

Оставить комментарий