• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Түндүк электр” ишканасы жол кырсыгынан каза болгон кызматкерлеринин жакындарына көңүл айтты

Коом 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Кечээ, 17-ноябрда болжол менен саат 18:00дө Бишкек – Торугарт унаа жолунун 29-чакырымында «Тойота Ипсум» жана «Түндүкэлектр» ишканасына таандык «УАЗ» унаалары кагышкан.

"Түндүк электр" ишканасынын эмгек жамааты кызматкерлери Айнура Кокумбаева, Клара Алымкулова жана Төрөбек Карасартовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, үй-бүлөлөрүнө, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Жол кырсыгынан каза болгон жарандардын жаткан жерлери жайлуу, ыймандары саламат болсун

Ошондой эле, жаракат алган кызматкерлерибиз сакайып кетүүсүн тилейбиз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий