• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москва АКШнын 35 дипломатын өлкөдөн чыгаруусу мүмкүн

Дүйнө 0

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Дональд Трамп Россияга карата санкциялар жөнүндөгү мыйзам долбооруна кол койсо, Москва 35 америкалык дипломатты чыгарып, АКШнын өлкөдөгү дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрүн кыскартышы мүмкүн. Бул тууралуу бейшембиде "Коммерсантъ" гезити Россия ТИМиндеги булакка шилтеме берүү менен билдирди.

Басылманын маектеши орус бийлиги Серебряный Бордогу америка элчилигине караштуу дача комплексин камакка алышы ыктымал.

Себеби жаңы америкалык санкциялар Барак Обаманын тушунда жабылган АКШдагы Россиянын дипломатиялык кыймылсыз мүлктөрүн кайра ачууга мүмкүнчүлүк бербейт.

Өткөн аптада Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Москва менен Вашингтон АКШдагы Москванын эки дипломатиялык объектисин кайра ачуу боюнча макулдашууга жетишкенин билдирген.

Былтыр декабрдын соңунда америка бийлиги орусиялык 35 дипломатты нон грат персонасы катары жарыялап, Нью-Йорк жана Мэриленд штаттарындагы эки орус дачасын жапкан.
Вашингтон бул кадамга Россиянын шайлоолорго ыктымал кийлигишүүсү жана америкалык дипломаттарга жасалган кысым үчүн барганын билдирген. Россия санкцияларды киргизген Барак Обаманын администрациясына жооп кайтарбай, мындан ары Дональд Трамптын администрациясы менен мамиле курарын ишара кылган.

Пикир

Оставить комментарий