• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москва районунда милиция кызматкерлери “Ууру” аталышындагы рейд өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-22-сентябрь күндөрү Москва райондук ички иштер бөлүмү тарабынан уурулук кылмыштардын алдын алуу жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында “Ууру” аталышындагы рейд иш-чарасы болуп өттү.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган рейдге РИИБдин криминалдык милиция кызматынын, коомдук коопсуздук кызматынын жана ЖКККБнын кызматкерлери тартылган.

Иш-чара учурунда милиция кызматкерлери тарабынан 45тен ашуун үй текшерилип, жергиликтүү жашоочулар, айыл башчылары менен жолугушуулар болуп, кылмыштуулукту алдын алуу үчүн видеокөзөмөл камераларын орнотуу зарылдыгы эскертилди.

Рейддин жүрүшүндө Москва РИИБнин кызматкерлери тарабынан уурулук фактысына байланыштуу 6 кылмыш ишинин бети ачылган.

Москва РИИБнин кызматкерлери тарабынан жогорудагыдай алдын алуу иш-чаралары байма-бай өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий