• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москва шаарында Кыргызстандын Улуттук көргөзмөсү ачылды

Коом 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. 5-февралдан 9-февралга чейин Москва шаарында өтүп жаткан эң ири эл аралык «ПродЭкспо-2024» аянтында Кыргызстандын Улуттук көргөзмөсү ачылды.

ТИМден билдиришкендей, көргөзмө Кыргыз-орус ишкерлер кеңеши тарабынан Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин жана КР Соода-өнөр жай палатасынын Россиянын Борбордук Федералдык округундагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурулган.

Кыргызстандын Улуттук көргөзмөсүндө экспортко багытталган беш кыргызстандык компания, ал эми өнөр жай павильондорунда үч компания өзүнчө стенддерин ачты.

Бул иш-чаранын алкагында Жалал-Абад облусунан келген жаңгак жана жаңгак азыктарынын презентациясы менен КР Жаңгак өстүрүүчүлөр ассоциациясынын дараметинин расмий бет ачары болуп өттү. Ошондой эле кыргыз тарап менен Россия Соода-өнөр жай палатасынын, РКДС жана МСП корпорациясынын өкүлдөрүнүн ортосунда Кыргызстандын жаңгактарды жана башка экспортко багытталган продукциясын Россиянын рынокторуна мындан ары жылдыруу жана 2024-жылга биргелешкен кызматташуу үчүн пландары боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду.

Маалымат үчүн: «ПродЭкспо» тамак-аш, суусундуктар жана аларды өндүрүү үчүн чийки заттын эл аралык көргөзмөсү Чыгыш Европадагы эң ири көргөзмө болуп саналат. Анын жүрүшүндө тамак-аштын кеңири ассортименти көрсөтүлөт: күнүмдүк негизги азыктардан жана суусундуктардан гурман деликатестерине чейин, ошондой эле органикалык, спорттук, функционалдык тамактануу, сергек жашоо үчүн азыктар, адал, экзотикалык азыктар ж.б..

Быйыл «Продэкспо» аянтында көрсөтүлгөн өндүрүүчүлөрдүн жана жеткирүүчүлөрдүн географиясы кыйла кеңейди. Ага 40 өлкөдөн 2145 компания катышууда. Алардын арасында Азербайжан, Аргентина, Армения, Индонезия, Иран, Испания, Италия, Кытай, Корея Республикасы, Түштүк Осетия, Сербия, Таиланд, Тунис, Түркмөнстан, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары бар. Россиянын 48 аймагынан келген компаниялар да өз продукцияларын тартуулашууда.

Пикир

Оставить комментарий