• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ аймактардагы бир катар ички иштер органдарынын жетекчилерин ротациялады

Коом 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Ички иштер министрлиги аймактардагы бир катар ички иштер органдарынын жетекчилерин ротациялады. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жумада ички иштер министрлигинин буйругу менен милициянын полковниги Талантбек Кадыров Нарын ШИИБнын начальниги кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун Түп РИИБдин начальниги кызматына дайындалды.

Ошондой эле милициянын полковниги Талгар Мамбетказиев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Панфилов РИИБдин начальниги кызматына, милициянын подполковниги Тынчтык Аалиев Ысык-Көл облусунун Түп РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп Нарын облусунун Нарын ШИИБдин начальниги кызматына, Чүй облусунун Панфилов РИИБдин начальниги Денис Аманов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБдин начальниги кызматына дайындалды.

"Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана анын алдын алууга, кылмыштардын бетин ыкчам ачууга, кылмыштуу кол салууларды болтурбоого арналган – санарип тутумун бекемдөө, райондордогу негизги жерлерге видеокамераларды орнотуу, жарандардын арыз-кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана милициянын көчмө кабылдамалары менен жарандарды кабыл алуу, алар көтөргөн маселелерди чечүү тапшырмалары берилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий