• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Сууда борбордук «Манас» стадиону капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт

Аймак 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Кара-Суу шаарынын борбордук «Манас» стадиону капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган стадион 1960-жылдары курулуп, бүгүнкү күнгө чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Стадиондун жалпы аянты 2 гектарды түзүп, 3,8 миң орунга эсептелинген.

Бул стадиондун эскиздик долбоору Кара-Суу шаарынын Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты. Долбоордун алкагында стадионду оңдоп-түзөөдө Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 7 пункт каралган, алар:

Трибуналарды өзүнүн калыбына келтирип, 3800 даана олтургучтарды орнотуу, чуркоо жолдору (беговая дорожка) жана футбол аянтчысын тегиздеп кайрадан көрктөндүрүү, жарыктандыруу, стадиондун четиндеги тосмолорду жаңылоо, эскилиги жеткен ажаткананы бузуп, орлуна жаңыдан 12 көздүү ажаткана куруу, воркаут зонасын уюштуруу, волейбол аянтчасын куруу, трибуналардын үстүн жабуу (навес) каралган.

Пикир

Оставить комментарий