• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москва жана Жайыл райондорунда милиция кызматкерлери тарабынан алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кылмыштуулуктун жана тартип бузуулардын алдын алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 17-мартында Москва РИИБнин коомдук коопсуздук кызматкерлери тарабынан жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу иштери болуп өттү.

Анда алдамчылык кылмыштарынын курмандыгы болуп калбоо боюнча түшүндүрүү жүргүзүлдү. Жарандарга акча каражаттарын күмөндүү финансылык долбоорлорго салууда, аз убакыттын ичинде көп каражаттарга ээ болуу тууралуу кандайдыр бир сунуштарга дароо каржаттарды салбай, ал тууралуу тиешелүү адистерден кеңештерди алуу маанилүү экендиги айтылды.

Иш-чара учурунда Москва РИИБнин кызматкерлери тарабынан коомдук жайларга, соода түйүндөрүнө, турак жайларга кылмыштуулуктун алдын алуу тууралуу эскертмелер таркатылды.

Ошондой эле Жайыл РИИБнин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдө иретсиз соода кылган жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Жол боюндагы соода-сатык кылгандардан улам жолдордо авто тыгындарды пайда болуп жатканы, мындай көрүнүштөр жол кырсыктарынын катталышына себеп болору белгиленди. Мындан ары иретсиз соода жүргүзгөн жайларда тынымсыз алдын алуу иштери жүргүзүлөрү айтылды.

Пикир

Оставить комментарий