• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвада Атамбаевдин урматына Путиндин атынан мамлекеттик түштөнүү өттү

Президент 0


Москва, 21-июнь /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Россия жана Кыргызстандын президенттери Владимир Путин жана Алмазбек Атамбаев мамлекеттик түштөнүү учурунда куттуктоолор менен алмашышты. Кремлдин сайтында билдирилгендей, В.Путиндин атынан мамлекеттик түштөнүү А.Атамбаевдин жана биринчи айым Раиса Атамбаеванын урматына арналган.

Россиянын президенти Алмазбек Атамбаевге кыргыз кесиптештеринин кызматташууга ачыктыгы жана эки жактуу көп тараптуу алакаларды өнүктүрүүгө умтулуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Путиндин айтымында, Россия менен Кыргызстанды кылымдардан берки салттар, достук жана коңшулаштык, стратегиялык өнөктөштүк жана шериктештик бириктирип турат. Бул маанилүү пайдубал алдыга ишенимдүү жылууну шарттайт.

“Быйылкы, 2017-жыл россия-кыргыз мамилелери үчүн өзгөчө мааниге ээ. 25 жыл мурда өзгөчө байланыштар түзүлүп, достук, кызматташуу жана өз ара жардамдашуу тууралуу келишимге кол коюлган. Бул маарекеге олуттуу жыйынтыктар менен келдик. Мамлекеттерибиз саясий, экономикалык, гуманитардык жана аскердик-техникалык тармактарда, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында жигердүү кызматташып келет. Россия жана Кыргызстан Борбор Азияда коопсуздукту камсыздоодо биргеликте аракеттешип, эл аралык терроризм, мыйзамсыз баңги затын айлантуу, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүп жатабыз”, - деди ал.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев президенттик кызматтагы ишине жогорку баа берилишине кубанычта экенин айтты.

“Мен бүгүн, бул жылдар бою биз, Владимир Владимирович менен көп жолу иш боюнча эле эмес, тарых маселелери боюнча талкуулап, талашкандыгыбызды айта алам. Бир жолу эсимде, ал Бишкекке келгенде: “Эмне үчүн бул имарат Энесай деп аталат?” - деп сураган. Мен “Бул – Енисей. Энесай - дарыя эне” дедим. Көп маселелерди талкууладык, тамаша да болду. Бир жолу эсимде, ушунчалык сүйлөштүк.... Байкал, Енисей, Саратов, Сибирь. Владимир Владимирович: “Мен булардын баары кыргызча аталыштар, кыргыз сөздөрү экендигин түшүндүм, бирок кайтарып алабыз дебесеңер”, - деди”, - деп айтып берди Атамбаев.

Бирок чындыгында, Кыргызстандын башчысы белгилегендей, албетте, кеп Россия – бул зор цивилизацияны, алтай цивилизациясын берген түпкү мекен, өлкө, борбор экени тууралуу болгон. “Менимче, бир учурда россиялык Алтай Борбор Азияда жашаган бир топ элдердин борбору болот. Мунун баары бир кезде Россиянын ыйык борборуна айланат. Көптөгөн элдер Россия - бул достуктун борбору, башкалар Россияны канчалык жаман көрсөтүүнү каалашса да, бул жакшылыктын өлкөсү экенин түшүнүшөт. Албетте, мындай болбогон нерселер жада калса күлкү келтирери белгилүү. Мен бүгүн Владимир Владимирович дагы, эч качан бир дагы өлкөгө жамандык жасоо аракетин жасабагандыгын айта алам. Тескерисинче. Биз көптөгөн чечимдердин себебин билебиз. Россияны же РФ Президентин айыптагандар күзгүгө карабай тургандыгын билем. Эгерде алар күзгүгө карашса,бул чыңалуунун, дүйнөдөгү кыстоолордун чыныгы күнөөкөрүн көрүшөт эле”, - деп белгиледи мамлекет башчы.

(Сүрөт, видео kremlin.ru)

Пикир

Оставить комментарий