• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москвада кыргызстандык 12 жаштагы мекендешин өлтүрүп, 16 жылга эркинен ажыратылды

Коом 0

Бишкек, 17.01.18. /Кабар/. Москва шаардык соту Кыргызстандык жаранды 12 жаштагы кызды өлтүргөндүгү үчүн 16 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу “Московский комсомолец” басылмасы билдирет.

Кылмыш 2016-жылдын 24-декабрында Москвада болгон. Адам өлтүрүүгө шектелип 21 жаштагы Кыргызстандын жараны кармалган.

Маалыматта айтылгандай, шектүү менен маркумдун улуу эжесинин ортосунда акыркы кездери кызганычтын айынан көп чыр болуп, алардын эки жолго түшүүсүнө себеп болгон.

Жаш жигит өзүнүн буюмдарын кыздын батиринен алып кетүүнү чечет. Эшикти кыздын кичүү сиңдиси ачкан. Ал кыздан кийимдерин издеп табууда жардам сураганда, анын орой жообу баланын кыжырына тийип, кызды ашкана бычагы менен бир нече жолу койгулаган.

Кийин шектүү базарда уюлдук телефон сатып, түшкөн акчага Бишкекке чейин билет сатып алган, учак конгон кезде шектүүнү колго түшүрүшкөн. Сурактын биринчи эле күнү ал бардык күнөөсүн мойнуна алган.

Пикир

Оставить комментарий