• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэри жана Улуу Британиянын элчиси шаардагы экология абалын талкуулады

Коом 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гарретт менен жолукту.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, шаар башчысы элчиге пандемия учурунда кыргызстандыктарга көрсөткөн колдоосу жана шаар жашоосуна жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун шаарлары менен экология, санариптештирүү, инфраструктуралык долбоорлорду инвестициялоо маселелери боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

"Элчи бул жылы шаардын экологиясына өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын белгилеп өттү", - деп айтылат маалыматта.

Шаар бийлиги белгилегендей, мэрия шаарды «жашыл» көрүнүшүн өнүктүрүү жана жакшыртууга багыт алып, бир жылда алты сейил бак курулуп, веложолдор, тротуарлар, инклюзивдүү балдар аянтчалары курулууда.

"Шаарды тазалыктан арылтуу максатында мэр жана элчи биргеликте плоггинг өткөрүүнү сүйлөшүштү. Бул экологиялык кыймыл, жай чуркоо менен таштанды чогултуу болуп саналат", - деп кошумчалашты мэриядан.

Ошондой эле элчи Ч. Гаррет британиялык ЖОЖдор ассоциациясы жана степендиалык программалар тууралуу айтып берди. Калаа башчысы Азиз Суракматов бишкектиктерди бул программаларга катышууга чакырарын жана колдоорун, ошондой эле шаардык кызматтардын кызматкерлеринин ички потенциялын жогорулатуу маанилүү экендигин белгиледи. (https://www.chevening.org/scholarship/kyrgyzstan/)

Пикир

Оставить комментарий