• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

АКШда өрт өчүрүүчү күйүп жаткан үйдүн 3-кабатынан ыргытылган кызды кармап калды

Дүйнө 0


Бишкек, 17.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. АКШда өрт өчүрүүчү күйүп жаткан үйдүн 3-кабатынан атасы ыргыткан кызды кармап калган. Бул тууралуу The Independent америкалык басылмасы маалымдайт.

ЖМКнын маалыматы боюнча, өрт Атлантанын четинде январь айынын башында болгон. Кызын куткарып жаткан атасы коюлган шатыдан баланы куткаруучу Скот Строулга ыргыткан. Кызды куткарып жаткандагы уникалдуу видео YouTube жайгаштырылган.

Куткаруучулардын айтымына караганда, бардыгы болуп күйүп жаткан үйдөн 12 адамды алып чыгышкан, алардын 8и жаш балдар. Өрт кызматынын капитаны билдиргендей, чындыгында алар балдарды топ кармагандай эле кармап алып жатышкан.

Маалыматта айтылгандай, куткаруучулар кармап калган балдар жабыркаган эмес. Кыздын атасы экинчи даражадагы күйүк алып, ооруканага жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий