• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

МСК 133 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бир катар салыктарды жыйноону өткөрүп берүү жөнүндө келишим түздү

Экономика 0

Бишкек, 24.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймактык салык органдары 133 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү, анын ичинде мүлк салыгын, жер салыгын, ыктыярдуу жана милдеттүү патенттин негизиндеги салыктарды жыйноо, ошондой эле, салыктык көзөмөл жүргүзүү жана салык карызын өндүрүү боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө типтүү келишим түзүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Келишим Бишкек, Талас, Жалал-Абад, Кочкор-Ата (Ноокен району), Кара-Суу шаардык мэриялары, ошондой эле, Түп, Жети-Өгүз, Нарын, Ак-Суу, Баткен, Лейлек, Бакай-Ата, Кара-Буура, Сокулук, Араван, Чоң-Алай, Базар-Коргон, Чаткал, Сузак жана Кадамжай райондорундагы айыл өкмөттөр менен түзүлдү.

Типтүү келишим ЖӨБ органдары менен салык органдарынын ортосунда келишим түзүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан жана МСКнын жана Жергиликтүү өалдынча башкаруу иштери жана этника аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин буйруктары менен бекитилген.

Салык кызматы салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ЖӨБО өткөрүп берүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Ал КР 2013-жылдын 20-февралындагы “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамына, ошондой эле, КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышы боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык ишке ашырылууда жана токтомдун негизинде “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө жобо” бекитилген.

Аймактык салык органдарынын жана ЖӨБ органдарынын жооптуу кызматкерлери үчүн уюштурулган түшүндүрүү иштеринин алкагында, региондордо бир катар семинарлар менен тренингдер өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий