• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүлөрүн аныктады

Экономика 0

Бишкек, 31.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынын колллегиясынын отурумунда өлкөнүн мыкты салык төлөөчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Тиешелүү сертификаттарды жана дипломдорду тапшыруу учурунда МСК төрагасы Октябрь Абдыкаимов ак ниет салык төлөөчүлөрдүн Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон маанилүү салымын белгилеп, өлкө жетишкендиги үчүн жаңы ийгиликтерди каалады.

2017-жылы экономиканын өнүгүшүнө кошкон салымы, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүгө активдүү катышуусу, салык мыйзамдарын ак ниет аткаргандыгы үчүн төмөнкү салык төлөөчүлөр мыкты аталышты:

- өндүрүш тармагында –«Интерхим» ЖЧКсы (Чүй облусу), «Арча» ЖАК (Ысык-Көл облусу);
- курулуш тармагында –«Строительная Компания Орион» ЖЧКсы (Нарын облусу);
- соода тармагында –«Топ ночь» ЖЧКсы (Бишкек ш.), «Asia Ingineering Servise» ЖЧКсы (Бишкек), «КДВ Бишкек» ЖЧКсы (Бишкек ш.), «НАКТА ОЙЛ» ЖЧКсы (Ош ш.);
- тейлөө тармагында – «Юнит-Реактив-Фарма» ЖЧКсы (Бишкек ЭЭА), «Жалал-Абад» санаторийи (Жалал-Абад облусу).

“Мыкты салык төлөөчү” сыйлыгынын негизги максаты – экономиканын ар кыл тармактарында ийгиликтүү иштеген компания жана ишканаларды сыйлоо, ачык, чынчыл жана сабаттуу ишкерлик жүргүзүүнү жайылтуу, салык маданиятын түптөө.

Өз кезегинде коллегияга катышкан премьер-министр Сапар Исаков ишкерлерге ак салык төлөөдөгү ак ниеттүүлүгү жана өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий