• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Муфтият зыяратчыларды менингит жана сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды

Коом 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы болочок ажылар менингит жана мезгилдик сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керектигин эске салат.

Маалыматка ылайык, 26-апрелден 8-майга чейинки аралыкта 2023-жылы ажылык сапарына баруучу талапкерлер 4 компоненттүү менингитке каршы вакцина “ACYW 135” жана мезгилдик гриппке каршы “Гриппол” эмдөөсүнөн (вакцинация, иммунизация) өтүшү керек.

Белгилей кетсек, быйылкы ажылык сапарына Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлүнгөн. Ажылыктын баасы 3900 долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий