• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

М.Абылгазиев Ички иштер министрине маркум Бурулайдын атасы менен жеке жолугушууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 16.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бурулай Турдалиеванын атасы Турдали Кожоналиев менен жеке жолугушуп, анын жүйөөлөрүн угуп, соттук-медициналык экспертизанын тыянагын тыкыр караштырууну тапшырды. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өкмөт башчы белгилегендей, анын жеке көзөмөлүндө турган 19 жаштагы Бурулай Турдалиеванын өлүмү боюнча кылмыш иши аягына чейин чыгарылат, кыздын өлүмүнө шектүү 30 жаштагы эркек менен бирге бардык күнөөлүүлөр КРнын мыйзамдарына ылайык акыйкат жазаланат. Эскерте кетсек, Бурулай Турдалиева 2018-жылдын 27-майында Бишкек шаарындагы үйүнө жакын жерден никеге мажбурлоо максатында ала качылган.

Пикир

Оставить комментарий