• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мурдагы депутаттар Пирматов менен Узакбаев 2 айга камалды

Коом 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Исхат Пирматов менен Талантбек Узакбаевдер Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына 2 айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык Биринчи май райондук соттун 2021-жылы 2-июндагы токтому менен Исхак Пирматовго карата 2021-жылы 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо түрүндө баш коргоо чарасы тандалды.

Ошондой эле, Биринчи май райондук сотунун 2021-жылы 2-июндагы токтому менен шектүү Т.Узакбаевге карата 2021-жылы 31-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда кармоо баш коргоо чарасы тандалды.

Мындан мурда “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдор 2 айга камалышкан.

Мындан тышкары, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов дагы кармалган.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар “Кумтөр” алтын кенин иштетүүчү компаниянын ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын отчетун карап, министрлер кабинетине кенди пайдалануу чөйрөсундө «Centerra Gold Inc.» компаниясынын жоопкерчиликсиз аракетине байланыштуу «Кумтор Голд Компани» компаниясына тыштан башкаруу киргизүүнү, андан тышкары убактылуу тыштан башкаруучу дайындоону сунуштаган.

Ошондой эле, "Кумтөр голд компани" компаниясы жумушчулардын иш графигин, карьердин капталдарын көзөмөлдөө жана сканерлөө тутумун өчүрүп салганы маалым болгон.

Жыйындын жүрүшүндө УКМК башчысы Камчыбек Ташиев “Кумтөргө” байланыштуу 4 кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кийин министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов министрлер кабинетинин “Убактылуу тыштан башкаруу дайындоонун тартибин бекитүү тууралуу” токтомуна кол коюп, "Кумтөр Голд Компани" компаниясынын убактылуу тыштан башкаруучусу болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Калдыктарды мөңгүлөрдө сактагандыгы үчүн “Кумтөр Голд Компани” компаниясына 261 миллиард сом төлөп берүүгө милдеттендирилген, бул 3,2 миллиард долларды түзөт. Дагы 1,2 миллиард доллар - төлөнө элек салыктар. Жалпысынан компанияга карата каржылык талаптардын көлөмү 4 миллиард 250 миллион АКШ долларын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий