• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мурдагы судья Жаркееванын иши. Отурум кайрадан жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.02.20 /Кабар/. Бүгүн, 25-февралда Биринчи май райондук сотунда Свердлов райондук сотунун мурдагы соту Элвира Жаркееванын иши боюнча отурум өтүүдө.

Отурумдун жүрүшүндө Воинов жана Зазазиев аттуу күбөлөрдөн сурак алынышы керек болчу. Бирок, күбөлөр сотко келишкен жок. Мурда алардан өтүнүч келип түшкөн. Воинов жактоочусу ооруп калгандыктан процесске келген эмес. Ал эми Зазазиевдин өтүнүчүндө айтылгандай, ал мурда аталган иш боюнча күнөөлүү катары өткөн жана ал өзүнө каршы көрсөтмө бере албайт.

Прокурор маалымдагандай, Зазазиев боюнча иш өзүнчө өндүрүшкө чыгарылган, ошондуктан ала көрсөтмө бере алат.

Кийинки отурум 3-мартка белгиленди.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Ага тагылган айыптоодо, Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алганы айтылат.

Пикир

Оставить комментарий