• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Музыка дүйнөсүндөгү чоң жоготуу: The Cranberries рок-тобунун солисткасы каза болду

Маданият 0

Бишкек, 16.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Ирландиялык группы The Cranberries рок-тобунун ырчысы Долорес О’Риордан 2018-жылдын 15-январында 46 жашында каза болду,-деп билдирет РИА Новости.

Ал Лондондо үн жаздыруу сессиясында болчу. “Азырынча башка маалымат жок”,-деп билдирет ырчынын өкүлү.

Lenta.ru малымдагандай, Улуу Британиянын полициясы ырчынын өлүмүн түшүнүксүз деп атаган. Тартип сакчылары маркумдун сөөгүн Лондондогу Парк-Лейн мейманканасынан табышкан, бирок ырчы эмнеден каза болгондугу тууралуу бир да белги жок.

“45 жаштар чамасындагы аял окуя болгон жерден каза болгон деп табылган. Учурда өлүм түшүнүксүз болууда”,-деп билдиришет укук коргоо органдары.

О’Риордан Cranberries жамаатына 1990-ылы 18 жашында кошулуп, топтун ырчыгы жана жүзү боло алган. 2003-жылы жеке карьерасын баштап, эки альбом жаздырган.

Cranberries — ирландиянын белгилүү топторунун бири. Айрыкча 1990-2000-жылдары абдан популярдуу болгон.

Долорес О'Риордан 1971-жылы 6-сентябрда Ирландиянын Лимерика шаар четинде төрөлгөн.

Долорес жаштайынан чиркөөдөгү хордо ырдаган. Беш жашынан тарта пианино менен чоордо,17 жашынан баштап гитарада ойногон.

Пикир

Оставить комментарий