• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мыйзамсыз баалуу кен байлык ташыган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.10.17 /Кабар/. Араван районунун Араван айылында мыйзамсыз зоо ташын ташыган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын текшерүүсүндө белгилүү болду.

Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам иштердин жүрүшүндө инспекторлор тарабынан эч кандай уруксаат кагаздары жок, оор жүк ташуучу унаа менен зоо ташын ташыган Араван айылынын тургуну М.З аттуу жаран кармалды. Жеринде Мамэкотехинспекциянын адистери тарабынан мыйзамсыз ишмердүүлүк токтотулуп, тийиштүү кагаздар толтурулду. Ошондой эле аталган жаранга мыйзамсыз кен казууга тыюу салынаары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам чегинде административдик айып салынды.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда мыйзамсыз, өз билемдик менен баалуу кен байлыктарды казууга тыюу салынган.Мамэкотехинспекция тарабынан бул жаатта мыйзамсыз кен казууга жол бербөө максатында ар убак рейддер өткөрүлүп турат.Өз кезегинде мыйзам бузган жарандарга административдик чаралардан сырткары, кылмыш иши козголушу мүмкүн экендигин Мамэкотехинспекция эскертет!

Пикир

Оставить комментарий