• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Мыйзамсыз баюу боюнча иш: Күбөлөрдөн сурак алуу уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.01.20 /Кабар/. Бүгүн, 15-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча иши кайрадан каралууда.

Отурумда күбөлөрдөн сурак алуу уланууда.

Сурак учурунда күбө билдиргендей, таанышы жүрүп жаткан текшерүүлөргө байланыштуу кыймылсыз мүлктү убактылуу анын атына каттатып турууну суранган.

"Мен мурда Түркияда билим алганмын. 2010-жылы Нурбакыт менен жатаканадан таанышып калдым. Ортобузда достук мамиле болчу. 2018-жылы Нурбакыт мага чалып, жардам сурады. Ал убактылуу менин атыма мүлкүн каттатып турсам болобу деди, мен макул болдум. Бирок эмне мүлк экендигин билбейм. Менимче Токтогул көчөсүндөгү эч ким жашабаган имарат (бөлмө) го. Колума эч кандай документ алган жокмун жана аларды каттатуу учурунда эч нерсеге акча төлөбөдүм. Ал бөлмө канча турат билбейм. Эмне себептен менин атыма каттатып жаткандыгынын себебин сурабадым. Таанышым текшерүү жүрө тургандыгын айтты, мен анын чоо-жайын сураган жокмун", - деп билдирди күбө.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий