• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында мал уурулукту кесип кылып жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунун аймагынан мал уурулукту кесип кылып жүргөн 2 адамдан турган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 25-апрель күнү Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын жана Кочкор райондук ИИБдин кызматкерлери райондун аймагынан мал уурулукту кесип кылып жүргөн 1975-жылы туулган К.Р. жана 1997-жылы туулган К.М. кармашты.

Маалыматка ылайык, кылмышкерлер айдап жүргөн "Фольксваген Пассат" үлгүсүндөгү автоунааны текшерүүдө 4 даана мал сойгон бычак, 1 даана балта жана мал сойгондо кийген кийимдер, мындан тышкары, ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралы 27 даана огу менен далил зат катары алынган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Кочкор районунун аймагында уурдалган 5 баш жылкыны жогоруда көрсөтүлгөн ок атуучу куралы менен атып, союп кеткендиги аныкталган.

Шектүүлөр Кочкор РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий