• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Мыйзамсыз баюу”: Дүйшөнбек Зилалиевдин декларациясы

Коом 0

Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. Мурунку вице-премьер-министр Дүйшенбек Зилалиев өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Комитетинин жетекчиси болуп кызматтанып жаткан кезде декларацияга бир гана өзүнүн жеке айлык маянасын көрсөтүп келген.

2015-жылы ал 553 миң 341 сом, 2016-жылы 583 миң 856 сом тапкан. Декларацияда унаа, кыймылсыз мүлк жана компаниялардагы үлүштөрү тууралуу маалымат жок.

Анын жакын тууганы 2015-жылы 119 миң сом, 2016-жылы 110 миң сом тапкан.

Ал тууганына эки батир жана жер там үйдүн 50%ы жазылган. Ошондой эле 2004-жылы чыккан “Хонда” унаасы жазылган.

Эскерте кетсек, 7-декабрь күнү Дуйшенбек Зилалиев мыйзамсыз баюуга шектүү деп кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий