• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чек арада 5 тоннадан ашык аткезчилик күйүүчү май кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. 3-9-декабрь күндөр аралыгында “Чоң-Капка-унаа жолу” жана “Токмок- унаа жолу” көзөмөл өткөрмө пунктунда тийиштүү документтери жок 5 миң 100 литр күйүүчү майлоочу май ташып келе жаткан КР жарандары кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-декабрда “Чалдыбар-унаа жолу” өткөрмө пунктунда "Setra S215 HD" үлгүсүндөгү автобус кармалган. Анын жүк коймосунда кошумча май куйуучу идиш орнотулуп, анда 900 литр солярка болгон.

Ага чейин үч күн мурун Кыргызстандын дагы бир жараны колго түшкөн. Ал жаран документи жок 1200 литр май алып бара жаткан.

Ошондой эле “Токмок-унаа жолу” көзөмөл өткөрмө пунктунда “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү кичи автобуста 3 тонна май ташып бара жаткан жаран кармалган.

Тиешелүү документтери жок май ташыган КРнын жарандары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий