• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мындан ары мамлекеттик баалуу кагаздарды мобилдик тиркеме аркылуу сатып алууга болот

Экономика 0


Бишкек, 15.03.24. /Кабар/. Финансы министрлиги "Альфа Телеком" ЖАК жана Кыргыз фондулук биржасы менен биргеликте өлкөнүн тарыхында реалдуу убакыт режиминде биринчи жолу мамлекеттик баалуу кагаздарды онлайн сатып алууну ишке ашырды. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Министр баалуу кагаздар мамлекет тарабынан жогорку кепилдикке ээ экендигин баса белгиледи.

"Баалуу кагаздар мамлекет тарабынан жогору деңгээлде кепилденген. Бул жерде пайыздык чендер 15 пайзга чейин көрсөткүчтү түзүп, жарандар үчүн абдан ыңгайлуу жана ишке ашыруу шарттары жеңил”, - деп белгиледи министр.

Бул тиркемеде Кыргыз фондулук биржасынын санариптик платформасына өтүүгө жана брокердик компаниялар аркылуу баалуу кагаздарды онлайн сатып алууга мүмкүндүк берүүчү кызмат.

Көрсөтүлгөн аянтчанын аркасында инвесторлор брокердик компаниялардын кеңсесине келбей эле булуттук санариптик кол тамганы колдонуу менен санариптик келишим түзүп, баалуу кагаздарды сатып ала алышат.

Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу инвестициялык инструменттердин бири болуп саналат жана коммерциялык банктардагы депозиттерге альтернатива катары чыга алат. Мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча төлөмдөр республикалык бюджетте каралган жана ар дайым өз убагында жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, баалуу кагаздар мамлекет тарабынан жогорку деңгээлде кепилденген.

Пикир

Оставить комментарий