• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түштү

Аймак 0

Бишкек, 05.01.23 /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында кар көчкүсү түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кар көчкүнүн көлөмү 1 миң 500 куб метрди түзөт.

Мындан сырткары, 70-80-чакырым аралыктарында бийиктиги 50-90 см кар күрткүлөр пайда болгондуктан, унаа жолу убактылуу жабылган.

ӨКМден белгилешкендей, аталган унаа жолдун 47 жана 107-чакырымдарында ЖККББ тарабынан атайын посттор уюштурулган. Бүгүн жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө 1 бульдозер, 1 жүктөгүч тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий