• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

МЖАК: Сокулуктагы абактагылар ачкачылыкты токтотушту

Коом 0

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалуучу №19 абактагылар 29-июнда ачкачылыкты токтотушту. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси Элеонора Сабатарова билдирди.

Анын айтымында, 27-июнда абакта камалгандардын 13 мындагы кармоо шарттарына нааразычылык билдиришип, ачкачылык жарыялашкан. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, койгон талаптарынын негизсиз экенин моюнга алышкан.

“Ачкачылык жарыялаган 13 соттолгон адам расмий түрдө андан баш тартышып, тамак ичип башташты”, - деп билдиришти МЖАКтан.

Сабатарова буга чейин абакта кармоо шарттары лагердик болгонун, камактагылар аймак ичинде эркин жүрө алышканын, эми алар камераларда кармала тургандыктан, бул нааразычылык жаратканын түшүндүрдү.

Пикир

Оставить комментарий