• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нью-Делиде “Кыргызстандын бай маданияты жана тарыхы” китебинин бет ачары болду

Коом 0

Бишкек, 29.03.24. /Кабар/. Индиянын Нью-Дели шаарында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган “Кыргызстандын бай маданияты жана тарыхы” китебинин бет ачары болуп өттү.

ТИМден билдиришкендейй, китептин бет ачар аземи Кыргызстандын Индиядагы элчилиги тарабынан GTTCI Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте уюштурулуп, Бүткүл дүйнөлүк суу күнү менен айкалыштырылды.

Ардактуу коноктордун арасында чет мамлекеттердин элчилери, дипломаттар, коомдук ишмерлер, туроператорлор, бизнес-коомчулук, ЖМК өкүлдөрү болду.

Иш-чара Кыргызстандын экономикасын туруктуу өнүктүрүү максатында стратегиялык жаратылыш ресурстарын пайдалануу, суу объектилерин эксплуатациялоо, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жоюу, өлкөнүн гидроэнергетикалык жана туристтик потенциалын өнүктүрүү сыяктуу актуалдуу темаларды бириктирди.

Өз сөзүндө элчи Аскар Бешимов иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандын өкмөтү тарабынан суу ресурстарын башкаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, климаттын өзгөрүшүнө, анын ичинде мөңгүлөрдүн эришине таасир этүүсүнө каршы күрөшүү, ошондой эле Кыргызстандын президентинин «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө» жарлыгынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

“Кыргызстандын бай маданияты жана тарыхы” китебинде тарых, маданият, каада-салт, улуттук аспаптар жана кийимдер, оюндар, туристтик жерлер сыяктуу жана башка темадагы маалыматтар камтылган.

Кече салтанаттуу тамактануу менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий