• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нью-Йоркто Кыргызстан жана Грециянын ТИМ башчылары жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Грециянын тышкы иштер министри Георгис Герапетритис эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу күн мурун, 20-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында болуп өттү.

Тараптар өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдиришип, мамилелерди чыңдоонун мүмкүн болгон потенциалдуу багыттарын талкуулашты. Көп тараптуу кызматташуу жагынан тараптар конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти жана эл аралык уюмдарда көрсөтүлүп жаткан талапкерлерди өз ара колдоо боюнча сунуштар менен алмашышты.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Грециянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, соода жүгүртүүнү көбөйтүү, туризм тармагындагы кызматташтыкты активдештирүү жана эки өлкө үчүн кызыкчылык жараткан долбоорлорду ишке ашыруу зарылчылыгына маектешинин көңүлүн бурду.

Өз кезегинде Георгис Герапетритис да макулдугун билдирип, климаттын өзгөрүшү жана жарандык коргонуу жаатында кызматташууну түзүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер КР министрлер кабинети менен Грек өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий