• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өнөкөт кан оорулары менен жабыркагандар эмдөө алса болобу? Жооп

COVID - 19 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Иммунодефицит менен жашаган онкологиялык жана гематологиялык ооруларга кабылган жарандарда короновирус бир нече айга созулуп, вирустун мутацияланышына шарт түзүлөт. Бул тууралуу брифинг учурунда Улуттук онкология жана гематология борборунун онкогематология бөлүмүнүн башчысы Шербет Жусупова билдирди.

Анын айтымында, онкологиялык оорулар менен жабыркагандарда короновирустук инфекция өнөкөткө айланып, бир нече айга чейин созулуп, айланасындагы жана үй-бүлө мүчөлөрүнө жугушуна алып келет.

“Биздин байкообузда бул жылы жаш курактагы курч мүнөздөгү лейкоз менен кайрылгандар арасында ушул короновирустук инфекциядан кийин пайда болгон факты көбөйүп жатат”, - дейт ал.

Жусупова онкологиялык, анын ичинде онкогематология, гематологиялык оорулар менен ооругандарды эмдөөнүн төмөндөгүдөй жалпы ыкмаларын белгиледи:

1. Рак менен ооруган бейтаптарда COVID-19 оор өтүү коркунучуна кабылышат;

2. Рак менен ооруган бейтаптар учурдагы тобокелдик факторлорун эске алуу менен шишикке каршы дарылоонун нозологиясына жана стадиясына карабастан эмдөөдөн өтүшү керек;

3. Эмдөө учурунда ракка каршы дарылоону токтотууга болбойт.

Ошондой эле, дарыгер эмдөөнү оорунун оор түрдө өтүү тобокелдиги бар бейтаптар алуусу зарыл экенин белгилейт:

  • 65 жаштан жогору;
  • өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу;
  • өнөкөт жүрөк жетишсиздиги;
  • өнөкөт бөйрөк оорусу;
  • кант диабети жана башка.

"Рак менен ооруган адамдар менен байланышта болгон медициналык кызматкерлер, инфекцияны жайылуу коркунучун азайтуу үчүн биринчи кезекте эмдоодон өтүүсү керек", - деди Жунусова.

Пикир

Оставить комментарий