• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндөгү» Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 24-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 24-декабрындагы № 253 «Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

— Жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин курамында:

курамдан Боронов К.А., Пономарев С. В., Ажыкулов Т.Н чыгарылсын;

курамга Асрандиев Эркин Шамшудинович — Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комитеттин төрагасынын орун басары, Пакыров Фархад Ганижанович — «Бизнес Ассоциация ЖИА юридикалык жактардын бирикмесинин башкармасынын төрагасы, Робин Орд-Смит — Кыргыз Республикасынын ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (Бизнес-акыйкатчы) киргизилсин.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий