• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарын: Ашууларга инерттик материалдар себилип, жол тейлөө ишканалары нөөмөттө

Аймак 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. 2018-жылдын 16-17-октябр күндөрү Нарын облусунун аймагында аба ырайы төмөндөп, аймактарда ашуу белдерге кар жааган.

Жыйынтыгында Ат-Башы районунда 2-3 см, ал эми Ак-Сай өрөөнүндө 7-8 см, Нарын районунда 5-6 см, Нарын шаарында 2-3 см, Жумгал районунун “Кызарт” ашуусунда 10-12 см жеткен кар жааган. Анын кесепетинен аты аталган ашуунун 50-51-чакырымында оор жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны пайда болуп, анын негизги себеби, автоунаалардын кышка даяр эместиги, кышка керектүү шаймандарынын (чынжыр, күрөк ж.б.) жоктугунан келип чыккан. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолдорго толугу менен инерттик материалдар себилип бүткөн. Учурда “Кызарт” ашуусунда 1050 м3 инерттик материалдар бар жана алты жумушчу, бир механикалык жүктөгүч, бир автогрейдер нөөмөт кылышууда. Учурда облустун аймагындагы автоунаа жолдору ачык жана ашуу, белдер жол тейлөө ишканалары тарабынан көзөмөлгө алынып, нөөмөттөр уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий