• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын дарыясына түшүп кеткен пенсионерди издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Нарын дарыясына түшүп кеткен пенсионерди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-октябрда Жалал-Абад облусунда Нарын дарыясына 71 жаштагы эркек киши түшүп кеткен.

12-октябрь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 7 куткаруучу тартылды. Бирок жыйынтык берген эмес.

Бүгүн, 14-октябрь күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий