• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусу боюнча 123 дарыгер жетишпейт - Алиаскаров

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Нарын облусу боюнча 123 дарыгер жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн брифингде Саламаттык сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Мурат Алиаскаров билдирди.

Анын айтымында, аймакта дарыгерлердин жетишсиздиги боюнча маселе курч турат.

“Коронавирус эпидемиясы башталгандан тарта Нарын облусуна Бишкектен медицина кызматкерлери жиберилүүдө. Учурда Ат-Башы районунда 9, Жумгал районунда 1, Ак-Талаа районунда 3 медицина кызматкери иш алып барууда”, - деди ал.

Алиаскаров кошумчалагандай, облус аймагында ошондой эле көчмө лаборатория иштөөдө.

“Мурдараак бизге 4 эпидемиолог-инфекционист жана психологдор келип кызматтарын көрсөтүп кетишкен”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий