• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунда дары-дармектердин запасы жетиштүү - Алиаскаров

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Нарын облусунда дары-дармектердин запасы жетиштүү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Мурат Алиаскаров билдирди.

Анын айтымында, учурда облус боюнча 103 адамдан коронавирус аныкталса, алардын бешөөнөн гана клиникалык белгилер байкалган. “Азыркы убакта Нарын облусу боюнча илдетти дарылоодо дары-дармек жана медициналык жабдуулар жетиштүү. Бул боюнча эч кандай маселе жок”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-майга карата коронавирус жуктурган 28 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 871ди түзөт. Алардын ичинен 614 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий