• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунда жалпы республикалык тестти 3 миң 50 бүтүрүүчү тапшырат

Аймак 0

Бишкек, 26.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Нарын облусунда жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) 3 миң 50 бүтүрүүчү тапшырат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

Анын маалыматында, быйыл облус аймагында 11-классты 3 миң 454, 9-классты 5 миң 151 окуучу аяктайт.

"Ал эми "Алтын тамга" сынагына 140 окуучу катышат. 2019-2020-окуу жылынын төртүнчү чейрегинин онлайн сабактарына 59 миң 159 окуучу катышты. 5 миң 576 мугалим телеканалдардан берилген сабактардын негизинде дистанттык түрдө билим берди. Дистанттык окууну уюштуруу үчүн окуучуларга мектеп жана демөөрчүлөр тарабынан 410 сыналгы, 326 уюлдук телефон берилди", - дейт ал.

Алымкулов Нарындагы 142 мектептин 91инде интернет кабелдик негизде иштесе, калгандары модем аркылуу сабак өтүшкөнүн айтат.

Пикир

Оставить комментарий