• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Өзбекстандын спортчулары достук мамилени бекемдейт

Аймак 0

Бишкек, 25.05.23./Кабар/. Ош шаарынын жана Өзбекстандын спортчулары достук мамилени бекемдейт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын Жиззак облусуна барган Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен Өзбекстан Республикасынын Жиззак облусунун Жаштар саясаты жана спорт башкармалыгынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров менен Жиззак облусунун жаштар саясаты жана спорт башкармалыгынын башчысы Жалолидин Уктамов эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жолунда, эки элдин ортосундагы бир туугандык мамилелерин кеңейтүү жана күчөтүү маанилүүлүгүн белгилешти.

Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаты Максат Маматкулов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, меморандумда биргелешкен машыгууларды өткөрүү, эл аралык турнирлерди уюштуруу, машыктыруучулар менен спортчулар арасында тажрыйба алмашуу, достук мамилелерди өнүктүрү жана бекемдөө максаты коюлууда.

Иш-чаранын алкагында Ош делегациясынын өкүлдөрү Жиззак облусунун спорттук инфраструктуралык курулуштары менен таанышышты.

Эске салсак, бир күн мурун бул жерде бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтүп, Ош шаарынын спортчулары эки алтын медаль тагынышкан.

Пикир

Оставить комментарий