• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто "Жаштар Парламенти III" долбооруна активисттер тандалды

Аймак 0

Бишкек, 21.05.18. /Кабар/. Ош шаардык Жаштар иштери боюнча комитети "Жаштар Парламенти III" долбооруна тандоо өткөрдү. Жалпысынан 200гө жакын жаштар кайрылып, 2-турга 62си өтсө, 3-турдан соң 31 жаш активисттер тандалып алынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, комиссиянын курамын Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, ММК өкүлдөрү, коомдук уюмдардын өкүлдөрү түзүп, жаштардын саясатын жүргүзүп, коомдогу жаштардын ордун жогорулатууга салым кошом деген жаштар тандалып алынды.

Пикир

Оставить комментарий